Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Турусбек Коёналиев Атамбаевдин иши боюнча сурак берүүдө


Турусбек Коёналиев.
Турусбек Коёналиев.

Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча укук коргоо органдарына сурак берүүдө. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирип, бирок тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоого милдеттендирген кагазга кол коюп бергенин жүйө кылып, иштердин мазмунун ачыкка чыгарган жок. Коёналиев 11 айдан бери суралып жатканын кошумчалады.

Турусбек Коёналиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин кызматынан былтыр октябрда бошотулган. Коёналиев бул кызматта 2010-жылдын сентябрынан бери иштеп келген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар. Батукаевге байланыштуу ишти ИИМ тергеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG