Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу жана анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы, комиссиянын төрагасы Мурат Өскөнбаев билдирди. Өткөн айда айылдыктар сыйынуу үйүнүн курулушуна каршы болуп райондук жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышкан. Анын негизинде түзүлгөн райондук комиссия териштирүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында чечим кабыл алды.
- Сыйынуу үйүнүн курулушуна тийиштүү тараптардан уруксат алынбагандыктан кемчиликтерди оңдогонго чейин курулушу токтотулду. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык анын ишмердүүлүгү да убактылуу токтотулду, - деди Өскөнбаев.
«Жахабанын күбөлөрү» диний агымынын өкүлдөрү дин эркиндиги жөнүндө мыйзамга шайкеш иш жүргүзүп жатышкандыгын белгилеп, нааразылыкка негиз жок экенин айтышкан.
«Жахабанын күбөлөрү» диний агымы айылдык кеңештин аймагында акыркы беш жылдан бери иш жүргүзүп келатат. Район аймагында бул ишенимди тутунган ар кайсы улуттардагы 30дай адам бар.
Курулуп жаткан сыйынуу үйү 50 кишиге эсептелген. Бул үйдүн кожоюну, болгар улутундагы жаран көчүп кеткендиктен колдон-колго сатылып отуруп, бир ай мурда диний агымдын өкүлдөрү сатып алышкан.
Кыргызстанда азыр 2400гө жакын диний уюм бар. Алардын негизги бөлүгү ислам багытында иш жүргүзөт. Кыргызстандын Конституциясы дин тутуу эркиндигине кепилдик берет. (RsK)