Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Алимбеков: «Кыргызстандын» жыйынында лидер алмашпайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстан» саясий партиясы ушул жекшемби, 22-сентябрда өзүнүн курултайын өткөрөт. Анда партиянын соңку эки жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёт угулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков ырастады. Ал лидерди алмаштыруу, шайлоо тууралуу маселе жок экенин кошумчалады.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары, курултайда партиянын лидерин шайлоо боюнча маселе добушка коюлушу ыктымал экенин жазышкан. Ага ылайык, азыркы лидер жаңы мөөнөткө кайра шайланышы ыктымал.

Учурда партияны Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жетектесе, парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар баштагыга караганда кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG