Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

Премьер-министр жолдогу тыгындарды азайтууну тапшырды


Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилиши.
Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилиши.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбор шаардын көчөлөрүн оңдоодогу ыңгайсыздыкты азайтып, жол кыймылын оптималдаштырууну Бишкек мэриясына тапшырды. Өкмөт башчы бул иштерди ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет менен бирге жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Ал эми бул иштердин ыкчам чечилишин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көзөмөлгө алмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министрдин айтымында, айдоочулар жана шаардыктар үчүн жол иштерине байланыштуу ыңгайсыз жагдайларды азайтуу зарыл. Ошол эле учурда борбор шаардын көчөлөрүнүн көп бөлүгүндө кыймылдын жыштыгы бүгүнкү күнү алардын өткөрүү жөндөмүнө дал келбейт.

- Оңдоо иштерин жүргүзүү жол кыймылына түз таасирин тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө тыгындардын пайда болушуна алып келет. Мындай маселелерди создуктурууга жол бербеш керек жана зарыл шартта шаардыктардын жана шаар меймандарынын кызыкчылыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу абзел. Мындай чараларды курулуш иштерин баштаганга чейин ойлонуш керек, - деген Абылгазиев.

Премьер-министр жол кыймылы жыш учурда убакытты үнөмдүү пайдаланыш үчүн жолчырактарды жөнгө салууну талдоого көңүл бурууну тапшырган.

Буга чейин Бишкекте жол кыймылын «Коопсуз шаар» системасы боюнча уюштурууда айрым көйгөйлөр чыгып жатканы мэрияда өткөн жыйында айтылган. Айрым көчөлөргө кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу зарылчылыгы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG