Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Бишкекте климаттык фестиваль өтүп жатат


Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта климаттык фестиваль өтүп жатат. Алгачкы жолу өтүп жаткан иш-чара «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы менен чогуу уюштурулуп жатат.

Фестивалда Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл альянстын жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы коомдук уюмдардын 30дан ашуун мүчөлөрү климатты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды өткөрөт. Буга байланыштуу жармаңке, жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ачык асман алдында тасма тартууланат. Шаардыктар менен конокторго экология темасында оюн-зоок, викториналар уюшурулат.

Буга чейин «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында шаардын төрт жерине градусник коюлган. Анда 1960-жылдан бери жылдык орточо температура кандай өзгөргөнү жана чара көрбөсө кесепети кандай болору көрсөтүлгөн. «Move Green» экологиялык кыймылы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанда бул кылымдын аягында абанын температурасы +4...+6 градуска көтөрүлөт.

Ушул күндөрү дүйнөнүн бир катар шаарларында экологияны коргоого, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акциялар өтүп жатат. Бул иш чаралар 20-27-сентябрь күндөрү дүйнө боюнча Климатты сактоо жумалыктын алкагында уюштурулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG