Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Кургак учукту дарылаган тогуз оорукана кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку жылдары кургак учукту дарылаган тогуз оорукана кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук фтизиатрия борбору кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 1998-2016-жылдары өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны үч эсе азайганы менен ооруканаларга мамлекеттен бөлүнүүчү каражаттын суммасы ошо бойдон кала берген. Кээ бир ооруканаларда орундардын 30-50% бош турган.

“Өкмөт чечкиндүү кадамга барып, 2017-жылы кургак учукка каршы кызмат оптимизация боло баштады. Бүгүнкү күндө ооруканалардын саны 29дан 20га түштү. Бирок бейтаптардын кызыкчылыгына эч зыян келтирилген жок. Алар башка ооруканага бөлүштүрүлүп же үйүндө дарыланууда. Кыскартуудан түшкөн акча кургак учукка каршы системанын өзүндө кала берүүсү биз үчүн чоң жетишкендик болду. Натыйжада жыл сайын 1 миллион долларга жакын каражат үнөмдөлүп, бул тармактын муктаждыктарына пайдаланылууда. Анын 32 миллион сомуна жыл сайын дары-дармек сатып алып жатабыз. Демек, эл аралык донорлордон көз карандылык кыскарууда. 1-катардагы дарыларды толугу бойдон, ал эми 2-катардагы препараттардын 15% Кыргызстан өзү сатып алууга жетишип жатат. Калган акча бейтаптарды амбулатордук шартта дарылап жаткан медициналык мекемелерге колдоо көрсөтүүгө жумшалууда” деп маалыамдайт улуттук борбор.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул жугуштуу илдет дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы андан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG