Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Габышев диспансерден бир суткага чыгарылды


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Бурятияда кармалган бакшы Александр Габышев психоневрологиялык ооруканадан бир суткага чыгарылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришкен. Маалыматка ылайык, Габышев бошонгондон кийин жакындарына байланышып, эртең кайра ооруканага келерин билдирген. Ал ошондой эле өзүн "саясий түзүлүштү кулатууга аракет кылганы үчүн" соттошорун айткан.

"ВКонтакте" баракчасында бакшынын видео тасмасы жарыяланды. Анда ал Якутияга жеткирилгенин, баары жакшы экенин айткан:

-Баары мыйзам боюнча болду, мага жакшы мамиле кылышты. Азыр үйгө барып, жакындарымды көрөм. Ал жакта түнөп, эртең кайра келем. Алдыда тергөө жана сот иштери турат. Ошондуктан, азырынча тынч турушуңарды суранам.

Активисттер Габышевге коркутуулар болушу ыктымалдыгын айтышууда.

Ички иштер министрлигинин аймактык кызматы бакшынын иши тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Мурдараак айрым маалымат каражаттары ага "экстремисттик уюм түзүү" беренеси менен кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын айтып чыгышкан.

Якутиянын Саламаттык сактоо министрлиги жума күнү Габышев психоневрологиялык диспансерге текшерүүгө жиберилгенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG