Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Кургак учукту ийгиликтүү дарылаган кызматкерлер кошумча маяна алууда


Бакиса Момбекова.
Бакиса Момбекова.

Кыргызстанда кургак учукту амбулатордук шартта дарылоо бейтап үчүн да, медицина кызматкерлери үчүн да жакшы натыйжасын бере баштады. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борбору кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кургак учукка каршы кызматты реформалоонун негизги багыттарынын бири болуп оорулууну амбулатордук шартта, башкача айтканда, үйүндө, үй-бүлөсүнүн жанында дарылап, ийгиликке жетише алган медицина кызматкерине материалдык колдоо көрсөтүүнүн жаңы ыкмасын колдонуу эсептелет.

2017-жылдан бери бул ыкма Чүй, Талас облустарында жана Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым райондорунда пилоттук негизде колдонулуп келе жатат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду белгилегендей, быйылкы жылдын 1-июлуна карата аталган аймактарда 2266 адам кургак учуктан ийгиликтүү арыла алды. Бул үчүн аларды тейлеп, көзөмөл жүргүзүп турган медицина кызматкерлери жалпысынан 33,7 млн сом кошумча маяна алышты.

Ысык-Ата районунун Ак-Сай айылынын фельдшери Бакиса Момбекова, мисалы, үч бейтаптын айыгып кетишине жардам берип, айлык акысына кошумча 18900 сом алды.

«Эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгып, кургак учукту амбулатордук шартта дарылоонун маанилүүлүгүн түшүндүк. Беш жылда жакшы тажрыйба топтоого жетиштик, – дейт борбордун директору Абдуллаат Кадыров.

Кадыровдун белгилешинче, бейтаптын жашаган жериндеги оорукананын кызматкерлерине каржылык стимул берүү ыкмасы новатордук болуп эсептелет.

Илдеттин оордугуна жараша 12000 сомдон 24000 сомго чейин каралган. Негизги түйшүк үй-бүлөлүк медайымга жана айылдык фельдшерге жүктөлгөндүктөн, акчанын 75% ошол кызматкерлер алышат.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул жугуштуу илдет дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы андан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG