Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Ашраф Гани жай тургундардын өмүрү кыйылбасына убада берди


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани согушкерлер менен кармаш жүрүп жаткан аймактарда жайкын тургундарын өмүрү кыйылган учурлардын алдын алууга убада берди. Ал 20-сентябрда Ооганстандын Жалал-Абад шаарындагы үгүт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, жайкын тургундардын өлүмүнө себепчи болгон түнкү рейддерди токтотуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Гани мындай сөзүн бир күн мурда ооган армиясынын жаңылыш аба соккусунан улам Нангархар провинциясында 30 кишинин өмүрү кыйылгандан кийин айтып жатат.

Ошол эле күнү "Талибан" кыймылы Ооганстандын түштүгүндө уюштурган жан кечтинин чабуулунан 39 жайкын тургун каза тапкан болчу.

Сентябрь айынын башында АКШ талибдер менен сүйлөшүү токтогонун жарыялагандан бери Ооганстандын аймактарындагы жардыруулар күчөгөндөн күчөп, жалпысынан жүзгө жакын жергиликтүү тургундар мерт болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG