Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдеште Талас облусунун командасы 3-орунду алды.
Алар Бишкек шаарынын көкбөрүчүлөрү менен таймашып, 11:2 эсебинде жеңди.
Учурда баш байге үчүн Чүй - Ош командалары ат салышууда. Көкбөрү боюнча оюндар 16-сентябрда башталган. Тогуз команда үч тайпага бөлүнүп ойноду.
Бул күнү көкбөрү оюнунан сырткары ат чабыш, ордо жана тогуз коргоол боюнча да финалдык оюндар болот.
Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталган. Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда жана «Газпром» спорт комплексинде спорттун 10 түрүнөн мелдештер болуп жатат.
Спорттук мелдештерден сырткары башка маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» комплексинде өтүүдө. (BTo)