Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:37

Абылгазиев: Тажикстан тактала элек аймакка чек ара постун орнотууну көздөгөн


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырды тажик тарап баштаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Чырды жергиликтүү эл эмес, Тажикстандын коопсуздугуна жооп берген органдар баштаган. Бул окуядан кийин мен барып жергиликтүү калк, биздин жарандар менен жолуктум. Биздин укук коргоо органдары менен жарандарыбыз окуя кандай болгонун айтып беришти», - деди Абылгазиев.

Ал чек арадагы кырдаалга байланыштуу Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн да кошумчалады.

«Сүйлөшүү чыңалуу менен өттү. Эң башкысы бул Тажикстан тараптан башталган. Алар тактала элек аймакка чек ара постун коюп, чек ара мунараларын салууну көздөшкөн. Биздин жарандар, Чек ара кызматы дароо нааразылык билдирип, ортодо чыр чыкты. Биринчи ок Тажикстан тараптан атылган».

Абылгазиев чек ара көйгөйү курал же башка күч колдонуу менен чечилбесин, бир гана сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынарын айтты. Ошол эле учурда эки тараптын тең кызыкчылыгы сакталып, жергиликтүү тургундардын пикири да эске алынышы керектигин белгиледи.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылык билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптаган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG