Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Беларус Евробиримдик менен виза режимин жеңилдетүүнү көздөйт


Беларустун президенти Александр Лукашенко.
Беларустун президенти Александр Лукашенко.

Расмий Минск Беларус менен Евробиримдик ортосунда виза режимин жеңилдетүү боюнча макулдашуу даярдады. Тиешелүү чечимди мамлекет башчысы Александр Лукашенко кабыл алганын 20-сентябрда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Анатолий Глаз билдирди.

Анын айтымында, бул чечимди кабыл алуу президент үчүн оңой болгон эмес. Учурда Минск Евробиримдиктин даярдыгын күтүп жатат.

Эки тараптан тең макулдашуулар даяр болгон соң, аларды Беларустун Улуттук Кеңеши жана Европарламент ратификация кылышы керек.

Виза режимин жеңилдетүү макулдашуусунда шенген визасынын баасын 60 евродон 35ке чейин арзандатуу жана документти 10 күн ичинде карап чыгуу камтылган. Кремль бул маалыматты Беларустун ички иши катары комментарийлеп, чечим Москва менен Минскинин алакасына зыянын тийгизбеши керек экенин белгиледи.

Буга чейин АКШ менен Беларус дипломатиялык алакаларын калыбына келтирип, бири-бирине кайра элчилерин жөнөтүүнү макулдашкан.

XS
SM
MD
LG