Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Абылгазиев: Шаар курулушун президент өзү көзөмөлдөп жатат


Мухаммедкалый Абылгазиев «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата көчөт отургузду.
Мухаммедкалый Абылгазиев «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата көчөт отургузду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы сейил бак президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен ачылганын айтты. Ал аталган парктын жери убагында жеке жактарга бөлүштүрүлүп кетип, кайра алынганын билдирди.

Абылгазиев Бишкекте адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлбөй, көп жерге көп кабаттуу үйлөр түшүп калганын жана шаар курулушун учурда президент көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

«Өткөн жылдан бери шаарды көрктөндүрүү, шаардын архитектурасы жана курулушун президентибиз өзү көзөмөлгө алды. Анын биринчи жыйынтыгы жерди бошоттуруп, парк ачылды. Гектарлаган жерлер келечекте кымбат сатканга же үй салганга берилип кеткен. Көбү жерди ал убакта мыйзамды бузуп алышкан. Ушул жерден (ред: Ынтымак паркы) баштап резиденцияга чейин адамдар велосипед тепкен жер, спорттук комплекс салынат деп пландап жатабыз. Былтыр футбол командабыз Азия биринчилигине ийгиликтүү катышып келгенден кийин президентибиз «стадион салабыз» деген. Ушул боюнча иштер жүрүп, долбоору иштелип жатат».

Мухаммедкалый Абылгазиев «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата бүгүн, 21-сентябрда жаңы ачылган «Ынтымак» паркына көчөт отургузду. 10 гектарлык сейил бак быйыл апрелден тарта даярдалып, бак-дарактар тигилип, иретке келтирилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG