"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай 22-сентябрда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарында облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз 9…14 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус жылуу болот.