Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:50

Нур-Султан менен Чымкентте полиция ондон ашуун адамды кармады


Нур-Султанда нааразылык акциясына чыккан жаран. 21-сентябрь, 2019-жыл.

21-сентябрда түшкө жакын полиция Чымкенттин борбордук аянтына жакын жерде жүргөн бир нече адамды кармап кеткенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдирди.

Ал адамдар ишемби күнгө белгиленген митингге катышуу үчүн келгени же өз иштери менен жүргөнү белгисиз. Полиция кабарчынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Баш калаа Нур-Султанда да “митинг өтөрү белгиленген аймакта” полиция бир нече адамды кармап кеткен. Кармалгандар “Саясий туткундарга боштондук!, “Шал душман!” деп кыйкырып жатышты.

Буга чейин эле чоң шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аянттарга полиция кызматкерлери чыгарылган. Ал эми бир күн мурун Башкы прокуратура казакстандыктарга “артында деструктивдүү күчтөр турган мыйзамсыз нааразылык акцияларына” катышпоону эскерткен.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов элди 21-сентябрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG