Президенттин аппаратынын, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери иенен «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. Андан соң «Эко Деми» фондунун өкүлдөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
Бажы кызматынын, Финансы полициясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери да шаардын ар кайсы аймактарында ишембиликке катышты.
21-сентябрда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциясы өтүп жатат.
Бул акциянын максаты - коомдук жайларды таштандыдан тазалоо, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды туура жок кылуу аркылуу айлана чөйрөнү коргоо. Кыргызстанда акцияны өкмөттүн колдоосу менен «Эко Деми» коомдук фонду уюштурду. (BTo)