Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Казакстанда кармалгандардын саны 60ка чамалады


Казак полициясы митингге чыккан аялды кармап баратат. 21-сентябрь, 2019-жыл.
Казак полициясы митингге чыккан аялды кармап баратат. 21-сентябрь, 2019-жыл.

Алматы менен Нур-Султан шаарларында 21-сентябрда “уруксат берилбеген митинг маалында” 57 адам кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө “57 киши мыйзам бузаганы үчүн кармалды, аларды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат” деп жазылган. “Прокуратуранын эскертүүсүнө карабай, айрым жарандар тыюу салынган экстремисттик уюмдун чакырыгына баш ийип кеткени” белгиленген.

21-сентябрда Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында полиция ондогон адамды кармап кеткен.

Баш калаа Нур-Султанда “митинг өтөрү белгиленген аймакта” полиция бир нече адамды кармаган. Кармалгандар “Саясий туткундарга боштондук!, “Шал душман!” деп кыйкырып жатышты.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов элди 21-сентябрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG