Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

II Улуттук көчмөндөр оюну Ош облусунда өтөт


Талас. Улуттук көчмөндөр оюнунун жабылышы. 21-сентябрь, 2019-жыл.
Талас. Улуттук көчмөндөр оюнунун жабылышы. 21-сентябрь, 2019-жыл.

21-сентябрда Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюну жыйынтыкталып, II Улуттук көчмөндөр оюну 2021-жылы Ош облусунда өтөөрү белгилүү болду.

Биринчи республикалык деңгээлдеги көчмөндөр оюндарынын жабылышына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчы Улуттук көчмөндөр оюндары кезек-кезеги менен Кыргызстандын бардык облустарында өтөөрүн айтты.

Таласта оюндар 16-21-сентябрь күндөрү болду. Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда жана «Газпром» спорт комплексинде спорттун 10 түрүнөн мелдештер уюштурулуп, маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» комплексинде өттү.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. 2020-жылы көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндары Түркияда өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG