Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Саруу айылында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө


Саруу айылында өтүп жаткан шайлоо. 22-сентябрь, 2019-жыл.
Саруу айылында өтүп жаткан шайлоо. 22-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 22-сентябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылдык кеңешинин депутаттары шайланууда. Анда айылдык үч округдун 5193 шайлоочулары төрт шайлоо тилкесинде добуш берүүдө.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаев талапкерлерди тандоо тынч өтүп жатканын билдирди.

-Бүгүнкү добуш берүү эртең менен 8:00дө башталып, азыр тынч жана өз нугунда өтүп жатат. Буга чейин 80 талапкер шайлоого катышуу үчүн документ өткөрсө, анын 79у ат салышууда. Эртең мененки саат 10:00го алынган маалыматтарга караганда 335 адам добуш берди, - деди Алымбаев.

Жергиликтүү кеңешке 16 аял, 63 эркек киши ат салышууда.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылуу жасашкан. 70ке чукул талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экендиктерин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган эле.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган. (KS)

XS
SM
MD
LG