Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Пакистандагы автобус кырсыгы 26 кишинин өмүрүн алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Пакистандын түндүк-батышындагы тоолуу Гилгит-Балтистан аймагында жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылды. Ондон ашык адам жараат алганын аймактагы Диамер шаарынын полициясынын өкүлү Абдул Вакил билдирди. Анын айтымында, кырсыкка айдоочунун автобусту башкара албай калганы себеп болгон.

Бирок айрым бийлик өкүлдөрү автоунаанын тормозу иштебей калганын айтса, башкалары айдоочу уктап кеткенин билдирип жатышат. Автобус Скарду шаарынан Равалпинди калаасына баратканы кабарланды.

Гилгит-Балтистан тоо арасындагы кууш автожолдору менен белгилүү. Бул аймакта негизги жолдор май айынан октябрга чейин эле ачык болот. Башка учурда калың жааган кардан улам каттам токтоп калат.

Пакистан дүйнөдө авто жана темир жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет.

XS
SM
MD
LG