Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

Египет: президентке каршы акцияларда ондогон адамдар кармалды


Каирдеги нааразылык, 20-сентябрь 2019-жыл.
Каирдеги нааразылык, 20-сентябрь 2019-жыл.

Египеттин бир катар шаарларында президент Абдел-Фаттах ас-Сисинин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акцияларында ондогон адамдар кармалды. Алардын арасында кеминде эки журналист бар экенин Египеттеги Экономика жана социалдык укуктар борбору 21-сентябрда билдирди. Баш калаа Каирде кеминде 74 демонстрант кармалганын коопсуздук кызматындагы булактар "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине кабарлады.

Жума күнү кечинде башталган митингдер ишемби күнү Каирден тышкары Суэц жана Гиза шаарларында да уланды. Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ, айрым жерлерде курал колдонду.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму Египет бийлигин жарандардын акцияга чыгуу укугун коргоо менен кармалган демонстранттарды бошотууга чакырды.

Египеттеги соңку нааразылыкка бозгундагы бизнесмен Мухаммад Алинин өлкөнүн армиясы менен өкмөтүн коррупцияга айыптап, элди көчөгө чыгууга чакырган билдирүүсү түрткү берди. 2014-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келген президент Сиси жемкорлук боюнча айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG