Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

Трамп: Украин президенти менен «эң сонун сүйлөшүү» болгон


АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский.

АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинанын президенти менен июль айында сүйлөшкөн учурунда, ага басым көрсөткөн эч кандай орунсуз сөз айтпаганын билдирди. Буга чейин ал Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылганы кабарланып кеткен.

Трамптын айтымында, 25-июлда украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүүсү эң сонун болгон жана анын, айрымдар талап кылып жаткандай, жеке адвокаты Рудольф Жулиани Конгрессте сүйлөшүнө эч кандай каршылыгы жок.

- Бул көбүнчө куттуктоо маанайындагы сүйлөшүү болгон. Негизинен коррупция темасына арналган. Түпкүлүгүндө биз мурдагы вице-президент Байден жана анын уулу сыяктуу биздин адамдардын Украинада орун-очок алган коррупцияга жардамдашканын каалабай турганыбыз тууралуу сөз болгон, - деди Трамп.

Бир катар маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Трамп телефондогу сөзүндө Зеленскийди Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүгө сегиз жолу чакырган. Аларга маалымат берген булактар Байденге каршы иликтөө ишинде, Трамп Зеленскийди өзүнүн адвокаты Рудольф Жулиани менен кызматташууга көндүргөнү да белгиленет.

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко «21-сентябрда телефондогу сүйлөшүү учурунда Трамп Зеленскийге басым көрсөткөн» деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, Украина АКШдагы тигил же бул саясий күчтү жактабайт.

Барак Обаманын администрациясынын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байден Украинага байланышкан иштерди да көзөмөлдөп турган. Ошол учурда анын уулу Хантер Байден украиналык «Бурисма» газ компаниясынын директорлор кеңешинде кызмат ээлеп турган. «Бурисмага» карата Украинада кылмыш иши козголуп, бирок эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес.

Трамптын адвокаты Жулиани маектеринде «Байден украин саясатына кийлигишкен жана андагы коррупциялык иштерге аралашкан» деп билдирип жүрөт. Атап айтканда, адвокат Байдендин уулунун «Бурисмадагы» иштерин иликтеген мурдагы украин башкы прокурору Виктор Шокин анын өтүнүчү менен жумуштан алынган деп эсептейт.

Жо Байден учурда демократтардын арасында кийинки жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендердин лидери болууда. Ошондуктан ал муну Трамптын администрациясынын каралоосу катары баалап жатат.

Сенатор-демократ Крис Мерфи NBC каналындагы маегинде аталган маселени Конгрессте кароону сунуш кылып, бул президентке импичмент жарыялоого негиз боло ала турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG