Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

АКШ Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө үндөдү


Шинжаңдагы мусулман мечити. 2014-жыл.
Шинжаңдагы мусулман мечити. 2014-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнө өлкөлөрүн Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырды.

Анын 22-сентябрда билдиргенине караганда, Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарды кармап-камоолор терроризм менен эч кандай байланышы жок, бул болгону аз элдердин маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети.

Бул тууралуу Майк Помпео Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясынын алкагында Борбор Азиянын беш мамлекети - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолуккандан кийин айтты.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан тарта тарай баштаган.

Бээжин бул «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

Укук коргоо уюмдары лагерлерде кармалган аз улуттардын саны миллионго жеткенин белгилешет. БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары, 25 мамлекет жана «Human Rights Watch» баш болгон укук коргоочу уюмдар Кытайдын бийлигин өз алдынча байкоочуларга Шинжаңга барып, абалды эркин иликтөөгө уруксат берүүнү суранышкан.

XS
SM
MD
LG