Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:36

Жол эрежесин бузуу үчүн айып пулду азайтуу жөнүндө сунуш түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Тартип бузуу жөнүндө кодекстин айрым беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорун сунуш кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, жол эрежеси бузулган айрым учурларда жарандардан алынуучу үч миң сомдук айып пулду миң сомго чейин түшүрүү каралууда. Башкармалык айдоочулардын арасындагы нааразылыкты эске алуу менен ушундай демилге көтөрүлгөнүн белгилейт.

Буга чейин айрым парламент депутаттары коопсуздукка анча коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузуу фактыларына карата айыпты азайтып, анын көлөмүн 500 сомго чейин түшүрүш керек экенин айтып чыгышкан.

2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG