Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

«Үмүт 2020» саясий кыймылы «Ун мафиясы» деген видео таратты


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

Мурдагы парламент депутаты, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мыйзам долбоорун сүрөгөн» деп айыптаган видео жарыялады.

Ал видеодо Айтматованын айтымында, парламенттеги айрым депутаттар дан азыктарына байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алып, андан миллиондогон киреше табышкан. Айтматова айрым депутаттардын ун азыктарына байланыштуу бизнеси болгонун белгилеген.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын «Ун мафиясы» деген видеосунда КСДП, «Өнүгүү - Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын белгилүү депутаттарынын аты аталат. Азырынча бул фракциялар Интернетте тараган видео боюнча комментарий берише элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова узакка созулган тыныгуудан кийин жакынкы күндөрү социалдык тармактарда пикирин байма-бай жаза баштаган. Ал негизинен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана анын айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу сын айтып жатат.

Айтматова 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөй баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG