Кыргызстанга Кытайдан эч кандай документи, бажы төлүмү жок ташылып келген товар алып келген зыяндын орду толукталды. Ал үчүн бюджетке 2, 5 млн. сомдон ашуун каражат кайтарылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл жайында Нарын бажысынан күнүмдүк керектелүүчү товарларды жүктөп келаткан ДАФ автоунаасы кармалган. Документте товардын 10 түрү бар экени жазылганы менен анда 40тан ашуун түрү ташылып келаткан. Мындан мамлекетке 2 млн. ашуун бажы төлөмү түшпөй калган.
Бул факт Жазык кодексинин «Экономикалык аткезчилик» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, келтирилген зыян ордуна коюлду. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. (КЕ)