Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жаткан үч жаран 21-сентябрда Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, алардын экөөнүн абалы орточо оор. Бирөөнө ошол эле күнү операция жасалды, абалы оор бойдон, бирок туруктуу. Азырынча эсине келе элек. Учурда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Министрлик тараткан маалыматка караганда, буга чейин Баткенден алынып келген 10 жарандын абалы канааттандырарлык. Алардын сегизине буга чейин пландык операция жасалып, денесине кирип кеткен нерселер алынган. Төртөөнү аскер госпиталына которуу маселеси каралууда.
16-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуунун кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.
Жаракат алгандардын ичинен 10 адам атышуу болгондун эртеси Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына толугураак дарыланууга жеткирилген. (КЕ/JsA)