Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:19

Парламент депутаттары «Үмүт 2020» кыймылынын видеосу боюнча жооп беришти


Ширин Айтматова.

«Үмүт 2020» кыймылы тараткан видеодо аты аталган депутаттар өз жүйөлөрүн айтып, Ширин Айтматованын дооматтарына жооп кайтарышты. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков буудайды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотууну колдогон мыйзам кыска кызыкчылыкты колдогондуктан эмес, ал кездеги кырдаалдан улам кабыл алынганын айтты:

- Мунун себеби Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулушу эле болгон. Ал кезде «ата мекендик өндүрүштү коргош керек, чек ара ачылган соң контрабандалык товарлар жайылып келет, ортодогу дистрибюторлор өлбөш керек» деген маселелер турган. Ошол маселелерди чечиш үчүн өкмөттүн реакциясы болот. Мен мыйзам кабыл алынып жаткан учурда эле «кийин бизге сөз тиет» деп катышпоого аракет кылгам. Тилекке каршы, болбой эле аралаштырып жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары тасмада аты аталган дагы бир депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров иликтөөнү «экономика менен чарбадан алыс, кырдаалды билбегендер даярдаган» деп сыпаттады:

- Ширин Айтматованын баасын экономикадан, чарбадан алыс, реалдуу кырдаалды түшүнбөгөн, конкреттүү көрсөткүчтөр боюнча маалыматы жок пикир катары санайм. Себеби, Кыргызстан буудайдын дээрлик 80 пайызын башка өлкөлөрдөн сатып алат. Өз өлкөбүздө эгилген буудай менен калкты толук камсыз кыла албайбыз. Экинчиден, сапаты да төмөн. Бул жерде өкмөттүн негизги максаты - ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо, жумушчу орундарды сактоо, бул тармактагы туруктуулукту кармоо болгон.

Мурдагы парламент депутаты, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова 22-сентябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мыйзам долбоорун сүрөгөн» деп айыптаган видео жарыялады.

Айтматованын айтымында, парламенттеги айрым депутаттар дан азыктарына байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алып, андан миллиондогон киреше табышкан. Айтматова айрым депутаттардын ун азыктарына байланыштуу бизнеси болгонун белгилеген. Муну менен өлкө казынасына 600 млн. сомдой каражат түшпөй калганын айткан.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын «Ун мафиясы» деген видеосунда КСДП, «Өнүгүү - Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын белгилүү депутаттарынын аты аталат.

Айтматова 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөй баштады. (КЕ/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG