Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Британия: Саудияга коюлган чабуулга Иран жооптуу


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Сауд Арабиясынын мунай кеңдерине дрон аркылуу коюлган чабуулга байланыштуу Иранды айыптады. Ал ошондой эле АКШ да падышалыктын Куралдуу күчтөрүнө көмөктөшүү аракеттерине кошулушу ыктымал экенин эскертти.

Жонсон Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Лондондон Нью-Йоркко учканы баратканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Британия өнөктөштөрүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалды жөнгө салууга көмөктөшөрүн билдирди.

20-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Саудия менен Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык күчтөрдүн санын көбөйтүүгө уруксат бергенин билдирген.

14-сентябрда Сауд Арабиясындагы «Абкаис» жана «Хураис» заводдоруна сокку урулган. Чабуулду Ирандын колдоосун алганы айтылып жүргөн Йемендеги хусит козголоңчулары уюштурганын мойнуна алышкан.

Бирок Тегеран бул окуяга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG