Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

АКШнын элчиси кыргызстандыктарды жаңылмач айтып куттуктады


Доналд Лу «Азаттыктын» студиясында, 13-ноябрь, 2018-жыл.
Доналд Лу «Азаттыктын» студиясында, 13-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана элчиликтин айрым кызматкерлери кыргыз тилинде жаңылмач айтып, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

- Ар улуттун энеси улуу, тили улуу. Кыргыз тил күнү куттуу болсун!, - деди элчи.

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада «Мамлекетти, эгемендикти коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ» деп белгиледи. Ошону менен катар кыргыз тилин илимдин, Интернеттин жана технологиянын тили кылуу мезгилдин талабы экенин айтты. Ар бир ата-энеге кайрылып, үй-бүлөдө тил маданиятын калыптандырууга чакырды.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сын айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG