Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ошто VII ART-ORDO театр фестивалы башталды


Жамал Сейдакматова.
Жамал Сейдакматова.

Ош шаарында Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы башталды. Фестивалга Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Орусиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Фестиваль беш күнгө созулуп, ага өлкөдөгү бардык театрлар катышат.

Эскерте кетсек, КРдин эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн.

Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени менен ыйгарылды.

Анын 80 жылдык мааракеси сентябрдын башында Ысык-Көлдө, өзү туулуп-өскөн Темир айылында белгиленген. (KE)

XS
SM
MD
LG