Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

ВАДА кызытмадан улам Орусияга кылмыш ишин козгоду


Кызытма жаңжалынан улам РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укугунан ажырап, үч жылдан кийин кайра калыбына келтирилген.
Кызытма жаңжалынан улам РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укугунан ажырап, үч жылдан кийин кайра калыбына келтирилген.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) Орусиянын Кызытмага каршы агенттигине (РУСАДА) кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ага ылайык, ВАДА Орусияны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөп жатат.

Бул тууралуу Токиодо 23-сентябрда ВАДАнын аткаруу комитетинин жыйынында айтылды. Анда РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканы, буга байланыштуу Орусия үч жуманын ичинде түшүндүрмө бериши керек экендиги белгилүү болду.

РУСАДАнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Алексей Ивлев «Интерфакс» маалымат агенттигине ВАДАны суроолоруна карата жооп айтыларын белгиледи.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

XS
SM
MD
LG