Баткен облусунун чек ара аймактарында коопсуздукту көзөмөлдөө иштерин жакшыртуу максатында милиция кызматкерлери көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкекте Ички иштер министрлиги өткөргөн басма сөз жыйынында айтылды.
Мекеменин маалыматына караганда, оптималдаштыруу алкагында жыл башынан бери аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө 43 штаттык бирдик бөлүнүп, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, тергөөчүлөрдүн, жоруктар боюнча жана нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин саны көбөйтүлдү.
Мындан тышкары, облустук милициядагы кызмат орундары кайра бөлүштүрүлүп, ошонун эсебинен Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылында милициянын бөлүмчөсү ачылып иштеп жатат. Ал жакта, ИИМдин маалыматы боюнча, 28 штаттык бирдик бар.
Баткен облусу Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан. Эки өлкө менен тең чек ара толук такталып бүтө элек болгондуктан, коңшу республиканын тургундары жана чек арачылары менен улам бир жаңжал чыгып, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталып келет. (RK)