Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Сенцов: Путин Украинаны кул кылгысы келет


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Орусиядагы абактан мекенине кайткан украиналык режиссёр Олег Сенцов Москваны «Украинаны кул кылгысы келет» деп айыптады.

Жеке Орусиянын өзүнө эч каршылыгы жок экенин айткан Сенцов «Азаттык» радиосунун орус кызматына курган маегинде орус бийлигин «путиндик режим» деп атап, ошого каршы күрөшүп келе жатканын билдирди.

Түрмөдө беш жылдан ашык отурган кинорежиссёр бардык мекендештерин өлкөнүн чыгышындагы согушту токтотууга аракет кылууга чакырды:

- Күрөш дегеним – путиндик режимге каршы туруу боюнча аракеттер. Ал дагы эле Украинаны кул кылгысы келет. Күрөшсөк Донбасстагы согуш токтойт эле, туткунга түшкөн жарандарыбыз кайтып, Крымды кайтарып алат элек. Ар бир украиналык бул үчүн күрөшүшү керек. Бирок бул барып бир нерсени жардыруу дегенди туюндурбайт. Андай эмес.

2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алганын катуу сындаган украиналык режиссёр Олег Сенцов ошол жылы камакка алынып, 20 жылга соттолгон. Эки апта мурда Москва менен Киев өз өлкөлөрүндө соттолгон, кармалып турган орусиялык жана украиналык туткундарды алмашкан.

Орус бийлиги Крым боюнча дооматтарды четке кагып, анын макамы мыйзамдуу референдум жолу менен чечилгенин белгилеп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG