Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Евробиримдик: Зыяндуу газдардын абага тарашы 45% азаят


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа дүйнөлүк климаттык коркунучка каршы күрөштүн натыйжалуу болушун каалайт жана климат боюнча Париж макулдашуусун толук ишке ашырууга умтулат. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында жүрүп жаткан жыйында Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск билдирди.

Тусктун айтымында, Европа мамлекеттери 2030-жылга чейин зыяндуу газдардын абага тарашын 1990-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 40% эмес, 45% азайтууну максат кылууда.

- Европа Биримдигинин кийинки узак мөөнөттүү бюджетинин 25% кем эмес бөлүгү климатка байланыштуу ишмердүүлүккө жумшалат. Биз жеке капиталды тартуу багытында да конкреттүү иштерди жасап жатабыз, - деди ал.

2015-жылы 200дөй мамлекет Париж макулдашуусуна кирген. Бул документ зыяндуу газдарды болушунча азайтып, чектөөнү көздөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG