Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Чек ара маселеси парламенттик комитетте талкууланат

Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде бүгүн, 24-сентябрда чек ара маселеси талкууланат.

Комитет жыйынынын күн тартибине парламенттин чек арага байланыштуу мурда чыгарган токтомдорунун жана чечимдеринин аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуу маселеси кирди.

Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берет.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG