Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

ТИМдин башчысы Айдарбеков БУУда баяндама жасайт


ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбеков.
ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбеков.

Бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында жалпы дебаттар башталып, анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөйт.

Тышкы саясий мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр Кыргызстандын өнүгүү жолунун негизги багыттары тууралуу баяндама жасайт. Ал өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык жашоосунда болуп өткөн олуттуу өзгөрүүлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өнүгүүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берет.

Кыргызстандын башкы дипломатынын Нью-Йорктогу жумуш сапары 21-сентябрда башталган. Ал Бишкекке кайра 28-сентябрда кайтат.

Сапардын алкагында Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Бириккен Улуттар Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Азиядагы кызматташтык диалогу жана башка эл аралык уюмдар менен форумдар алкагында талкууларга катышууда.

22-сентябрда «Борбор Азия + АКШ» (С5+1) форматында өткөн жолугушууда аймактагы беш өлкөнүн Кошмо Штаттар менен кызматташтыгы талкууланды. Кыргызстан соода-экономикалык багытка көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Кыргызстан БУУга 1992-жылы мүчө болгон. Учурда Бишкекте бул уюмдун онго жакын агенттик, фонд жана долбоорунун өкүлчүлүгү иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG