Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Казак президенти Кыргызстанга ноябрь айында келет


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Бул тууралуу 23-сентябрда Нур-Султан шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушкан учурда белгилүү болду. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен барышы күтүтүлүп жатканын айтып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланарын айтты.

Ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму өтүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG