Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Сарууда шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыкты


Шайлоо процессинен бир көрүнүш. Архивдик сүрөт.
Шайлоо процессинен бир көрүнүш. Архивдик сүрөт.

22-сентябрда өткөн Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Саруу айылдык кеңешине 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алууга жетиштүү добуш алды. Добуш берүүгө жалпысынан 1797 киши катышып, жалпы шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5193 шайлоочунун 34,6% түздү. Добуш берүү күнү талапкерлерден жана ар кандай уюмдардан 17 байкоочу катышты. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө тартип бузуу жөнүндө арыз түшкөн жок.

№1 Саруу шайлоо округу боюнча катталган 32 талапкердин ичинде үч аял, 29 эркек бар болчу. №2 Санаторий шайлоо округунан талапкер болгон 28 кишинин сегизи аял, 20сы эркек болчу. №3 Чабалдаев шайлоо округунан болсо катталган 19 талапкердин бешөө аял, 14ү эркек эле. Бул үч округдан жетиден депутат шайланды. Бирок азырынча канча мандат аялдарга берилери белгисиз. Жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамы боюнча добуш топтоп өткөндөрдүн 30% же 21 депутаттын жетөө аял болууга тийиш.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык 20 күндүн ичинде жыйынтык чыгышы керек.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG