Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Казакстанда веб-студия иштеткен кыргызстандык программист кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Tengrinews.kz агенттиги Алматы шаарынын полиция департаментине таянып, Медеу районунда Интернет аркылуу жыныстык кызмат көрсөткөн атайын студия аныкталганын кабарлады.

Полиция департаменти бул Казакстандын аймагында биринчи жолу аныкталган, Интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн алгачкы студия экенин кабарлады. Медеу районундагы көп кабаттуу батирлердин биринен аныкталган студиядан казакстандык эки кыз жана кыргызстандык программист жигит кармалган. Полициянын маалыматына караганда, кыргызстандык программист студияда техникалык жактан камсыздоо иштерине жардам берген. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Бул кабар боюнча Кыргызстандын расмий органдары маалымат тарата элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG