Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг дүйнө лидерлерин жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн уяткарды. Ал өз сөзүндө:
«Силер курулай убадаңар менен менин балалыгымды, менин кыялымды уурдадыңар! Ушуга кантип бардыңар?! Мен бул жерде болбошум керек эле. Мен мектепте, океандын ары жагында болушум керек эле», - деди.
Грета Тунберг «Fridays for Future» же «Жума күндөрүн келечекке арнайлы!» аттуу кыймылды жетектейт жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы тели-теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет.
Мындан он күндөй турун ага «Amnesty International» укук коргоо уюму өспүрүм кызга «Абийир элчиси» наамын ыйгарган.
Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн эле. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен.
«Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактардан да маанилүүрөөк деп эсептешет.