Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:44

Арменияда мурдагы полиция башчысы атынып өлдү


Айк Арутюнян.

Арменияда мурдагы полиция башчысы Айк Арутюняндын өлүгү үйүндө табылды. Полиция анын башына ок тийгенин, баштапкы божомолдорго ылайык ал өзүн атып өлтүргөнүн билдирди.

Айк Арутюнан 2005-2008-жылдары полицияны, 2000-2014-жылдары Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Ушул тушта «1-март иши» деген ат менен таанылган окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жаткан болчу.

2008-жылы 1-мартта Ереванда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан митингчилер кууп таратылган. 11 жыл мурдагы окуяда сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG