Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

ЖАМК: эки кишини катуу сабады деп шек саналгандардын колунун тарамышы чоюлган


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагында отурган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун колдору таңылган сүрөтү Интернетте тарап, катуу сабалганы тууралуу кеп тарады. Бирок Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова эки шектүүнүн колунун тарамышы чоюлганын белгилеп, катуу сабалганы боюнча сөздөрдү төгүндөдү.

19-сентябрда Бапышев менен Сейитбеков жаракат алып, Травматология жана ортопедия илимий борборуна жеткирилген. Дарыгерлер алардын колунун эти чоюлуп калганын айтышкан. Шектүүлөр бир күн №47 колонияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 21-сентябрда кайра №1 тергөө абагына которулган.

Экөө тең алган жаракатына байланыштуу аны менен абакта чогуу отургандарга жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) кызматкерлерине доосу жок экенин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам катуу сабалган. Аларды сабаган деген негизде Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкуу жаратып, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келишкен. Свердлов райондук соту аларды эки айга камоо жөнүндө чечим чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG