Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

БУУнун жыйынына катышууга бараткан орус делегациясынын 10 өкүлүнө АКШ виза берген жок


Константин Косачёв.
Константин Косачёв.

Орусиядан Нью-Йоркко, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан делегациянын 10 мүчөсүнө АКШ виза берген жок. Алардын арасында Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Константин Косачёв да бар. Бул тууралуу Косачёв өзү жарыялады жана Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова да ырастады.

АКШ визага байланыштуу маселени техникалык себеп менен түшүндүрдү. Косачёв болсо "түшүндүрүүгө, актанууга жатпаган, кыжырды келтирген жагдай" деп атады.

Мария Захарова ТИМ америкалык тараптын түшүндүрмөсүн "ынандырбайт" деп эсептей турганын билдирди.

-Бул окуя министр Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жакынкы күндөрдөгү жолугушуусунда башкы темалардын бири болот" - деди Захарова.

Расмий маалыматка ылайык, орус делегациясынын виза ала албай калган өкүлдөрү Нью-Йоркко 24-сентябрда учмак.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны 23-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG