Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Индонезияда калайман башаламандыкта 20дан ашуун адам өлдү


Нааразылык акциялары август айында башталган.
Нааразылык акциялары август айында башталган.

Индонезиянын Батыш Папуа провинциясындагы башаламандыкта дагы 70тей киши жарадар болду.

Дүйшөмбүдө демонстранттар, негизинен мектеп окуучулары Вамена шаарындагы мамлекеттик мекемелердин имараттарын, турак жайларды, автоунааларды өрттөп салышкан. Өлгөндөрдүн көбү ошол имараттардын ичинен чыга албай калган.

Каршылык акциялары август айында «коллеждердин бириндеги мугалим түпкүлүктүү элдин өкүлүн басмырлады» деген сөздөн улам чыккан. Полиция мунун ушак экенин айтууда. Андан соң демонстранттар Папуанын эгемендиги боюнча референдумду талап кылууга өтүштү.

Батыш Папуаны байырлаган түпкүлүктүү эл менен Индонезиянын күчтөрү көп кагылышат. Бир кезде Голландиянын оторчулугуна кирген Папуа Индонезиянын карамагына 1969-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG