Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Пакистанда зилзалада кеминде беш адам ажал тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын чыгышында 23-сентябрда күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаланын толкуну өлкөнүн борбор шаары Исламабадга жана башка аймактарга чейин жетти.

Табыгый кырсыкта кеминде беш киши өлүп, дагы жүздөн ашыгы жарадар болду. Өлкө бийлиги жабыркаган аймакка кошумча куткаруучуларды жөнөттү.

Кырсыкка күбө болгондор жер менен кошо үйлөрдүн дубалдары кошо титиреп-солкулдаганын, адамдар көчөгө качып чыгышканын айтып беришти.

Исламабаддагы Сейсмикалык мониторинг боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, зилзаланын очогу Желумба аймагынан түндүктү көздөй беш чакырым алыс аймакта, жердин 10 чакырым тереңдигинде болду.

XS
SM
MD
LG