Орусиянын президенти Владимир Путин Европада жана башка аймактарда орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий жарыялоону сунуш кылды.
Мындай кайрылуу бир катар, анын ичинде НАТОго кирген бардык өлкөлөрдүн лидерлерине жана Кытайга да жөнөтүлгөнүн «Коммерсант» гезити 25-сентябрдагы санына жазып чыкты. Гезит орусиялык дипломаттардын биринин айтканына таянып жазганына караганда, мындай кайрылуу 19-сентябрда жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кимден жооп боло элек.
500 чакырымдан 5500 чакырымга чейинки аралыктагы бутаны ата алчу баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жок кылууну, келечекте өндүрбөөнү жана сынабоону милдеттендирген келишим 1987-жылы түзүлгөн.
Советтер Союзунун баш катчысы Михаил Горбачев менен Кошмо Штаттардын президенти Рональд Рейган кол койгон ал келишим «тарыхый» деп бааланат.
Быйыл 2-августта АКШ да, Орусия да ал келишимден чыгып кетишкен. (RK)