Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Жээнбеков: билим берүү тармагын өнүктүрүү министрден көз каранды (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков парламентте билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ант берүүсүнө катышты. Анда президент буга чейинки билим берүү тармагындагы жетекчиликти сынга алды:

- Буга чейин тармакка эмес, министрликке абдан көп сын-пикир айтылды. Билим берүү тармагына жылдан-жылга көп каражат бөлүп жатабыз. 1-октябрдан баштан айлыктарды 30% көбөйттүк. Бул жылына 6 млрд. 8 млн. сомго жакын каражат. Ушундай каражаттар бөлүнүп жатса да эл талап кылгандай оңолбой атат. Бул министрликтин башында турган жетекчиликтин аракетинен көз каранды.

Президент Жээнбеков жаңы министрге ийгилик каалады. Исаковдун талапкерлигин бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG