Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:43

ЖАМК: Оштогу кримтөбөлдүн видеосу качан тартылганын териштирип жатабыз


Ортодо Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

Социалдык тармактарда «Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин жанаша басып келаткан видеосу тараган. Бул тасма социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат.

Учурда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тасма качан, кайда тартылганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады:

- Иликтөө жүрүп жатат. Болжолдуу жанындагы имараттан тартылышы мүмкүн. Азыр 2015-жыл болушу мүмкүн экени айтылды. Териштирүү жүрүп жатат.

Кадыр Досонов өзүнө коюлган айыптар жана кылмыш иши боюнча 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. «Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.

Кылыч Саркарбаев болсо Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбокс боюнча спорттун чебери, эрежесиз эр мушташ боюнча бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Саркарбаев жакында эле Ош шаарына кире бериш жердеги Фуркат айылдагы чуулгандуу ок атышууга тиешеси бар экени айтылган. Бирок, муну расмий укук коргоо органдары тастыктаган эмес. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG