Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Жолдубаева: Сагымбаев кызматтык милдетин так аткарганы үчүн камалды


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 7-8-августта кызматтык милдетин гана аткарганын айтты.

Анын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасы Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюп жатат.

- Бирок мунун баары тең акылга сыйбаган айыптар, - деди ал. - Канат Сагымбаев акыркы мүнөттөргө чейин кайтаруудагы объектинин коопсуздугун камсыз кылып, анын жанында жүрсө ал массалык башаламандыкка кантип катыштыгы болот? Ал эми «Киши өлтүрүү» боюнча шек саналып бир адам кармалган. Сагымбаев тескерисинче «Альфанын» кызаткерлерин коргоп жүрдү. Үчүнчү айып боюнча, 7-августта «Альфанын» кызаткерлери келгенде алар «биз «Альфанын» кызматкерлерибиз. Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетүүгө келдик» деп бирөө да айткан жок да. Алар курал-жарак менен кирип келип, бет капчан эле элди сабай башташкан. Кызматтык милдет боюнча Канат Сагымбаев кайтаруудагы объектини коргош керек болчу. Ал кызматын так аткарды.

Канат Сагымбаев 24-сентябрь, кечинде Аскер прокуратурасы тарабынан 48 саатка камакка алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны 20-сентябрда жумуштан бошоткон. УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG